Тармактар жана колдонуу чөйрөлөрү
Автоунаа жана деңиз флотунан авиация менен архитектурага чейин — ар бир тармак үчүн нанокерамикалык коргоочу каптамалар.

Автоунаа тармагы
Унааңызга жана анын коргоочу каптамасына ишенгенде, жол жүрүү алда канча жагымдуу болот. Жогорку даражалуу адистер тарабынан атайын шарттарда сүйкөлгөн Ceramic Pro автоунааңыз жана мотоциклиңиз үчүн эң натыйжалуу коргоону берет.

Авиация
Биздин көп функциялуу каптамалар авиацияга ылайыкташтырылган жана учактын бардык беттерин жогорку деңгээлде коргойт. Кылдат даярдоодон жана жылмалоодон кийин сүйкөлүүчү Ceramic Pro ар кандай материалдарда жука жана тунук катмарды түзөт.

Деңиз флоту
Ceramic Pro Marine — бул эскирген балыр басууга каршы каражаттарды алмаштыруучу жана суу транспортунда сүрүлүү каршылыгын азайтуучу экологиялык таза продукттар линиясы. Жабышпаган жана өтө жылмакай бет деңиз микроорганизмдеринин топтолушуна мүмкүнчүлүк калтырбайт.

Кийим-кече жана бут кийим
Мода тенденциялары тез өзгөргөн заманда сапаттуу кийим жана баалуу аксессуарлар жеке имиджге кошулган инвестиция болуп саналат. Сүйүктүү кийимиңизди, бут кийимиңизди жана сумкелериңизди ден соолукка коопсуз, алдыңкы нанокерамикалык технология менен коргоңуз.

Инфраструктура
Шаардык инфраструктура тынымсыз эксплуатацияга дуушар болот, бул убакыттын өтүшү менен анын абалына таасирин тийгизет. Ceramic Pro каптамалары жеке жана мамлекеттик маанидеги ар кандай объекттердин кызмат мөөнөтүн узартып, оңдоо аралыгын жылдырат.

Үй жана тиричилик
Үй — сиз убактыңыздын көпчүлүк бөлүгүн өткөргөн жай. Ал түйшүктөрдөн, тынчсыздануулардан жана чарчаткан үй жумуштарынан коргогон жайлуу ордо болушу керек. Ceramic Pro Home коргоосу менен таза, коопсуз жана ыңгайлуу үйдү күтүү мурдагыдан да оңой.

Мунай жана газ
Ceramic Pro өндүрүштүн баштапкы (Upstream) жана кайра иштетүү (Downstream) этаптары үчүн бирдей пайдалуу: кымбат баалуу жабдууларды бузулуудан коргоп жана оңдоо аралыгын узартып, бул нанокерамикалык система тармакка олуттуу каржылык натыйжа берет.

Энергетика
Ceramic Pro өнөр жайлык класстагы формулалары — күн панелдеринин, шамал турбиналарынын жана геотермалдык электр станцияларынын натыйжалуулугун жогорулатууга чыныгы мүмкүнчүлүк берген алдыңкы жогорку технологиялуу коргоо системаларынын сап башында турат.

Өнөр жай техникасы
Ачык асман алдындагы оор жумуштар үчүн түзүлгөн өнөр жай техникасы күн сайын жаратылыш кубулуштарынын, күн нурунун, кирдин жана химиялык булгануунун таасирине кабылат. Мындай татаал иш чөйрөсүнө Ceramic Pro каптамалары гана туруштук бере алат.